Ысык-Көлдө бүтүрүүчүлөр “Алтын сертификатка” илинбей калышты

Автор

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң начар Ысык-Көл облусу болгону маалымдалды. Аталган аймактан бир дагы мектеп даражага илинген эмес. Белгилүү акын жана жазуучу Абдыжапар Эгембердиев соцтармактарда бул маселе боюнча пикирин билдирген.
Ал “бир аз жыл илгери Ысык – Көл облусунун окуучулары республикалык предметтик олимпиадаларда Бишкек шаарынан кийинки эле орунду ээлеп, жогорку ийгиликтери менен кубантып келишкен болчу. Быйыл өрөөн боюнча бир да бүтүрүүчүнүн “Алтын сертификатка” илинбей калышы кейитпей койбойт. Бул облустун жетекчилиги, билим берүү мекемелери, ата – энелер, акырында окуучулардын өздөрү ойлоно турган, намыстарына келе турган иш деп эсептеймин”,- деген ал.
Өлкөнүн билим берүү министри Ысык-Көлдүн кызы экендиги айтылууда. Бирок, аталган аймактагы билим берүүнүн абалы коомдун талкуусуна айланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Ажылык учурунда көз жумгандардын саны миңден ашты

Сауд Арабиясында Меккеге ажылык сапар учурунда көз жумган зыяратчылардын саны 1,3 миңден ашты. Саламаттык сактоо министри Фахд бин Абдель Рахман аль-Жаладжелдин айтымында көз жумгандар Меккеде жерге берилди. Буга чейин 1 миң каза болгону белгилүү болгон. “Ажылык учурунда каза тапкандардын саны 1 301ге жетти. Алардын 83 пайызында тиешелүү визасы жок болчу”,-деди […]

Сизге жагышы мүмкүн