Ысык-Көлдө билим саммити өтөт

Автор

16-августтан 20-августка чейин Чолпон-Ата шаарында билим саммити өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саммит август иш-чараларынын алкагында өткөрүлөт.
Саммиттин биринчи күнүндө Казакстан балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына камтуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.
Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдар үчүн ваучердик каржылоону киргизүү боюнча талкуу болору кошумчаланды.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Жакынкы Чыгышка атомдук суу астында жүрүүчү кайык жөнөтүлөөрүн билдирди

Пентагондун башчысы Ллойд Остин Израилдин коргоо министри Йоав Галант менен телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШнын колдоосун ырастады. Ал аймакка башкарылуучу ракеталар менен жабдылган Georgia атомдук суу астында жүрүүчү кайыгын жөнөтүүнү тапшырды. Жакынкы Чыгыштагы абал Тегеранда Палестиналык «Хамас» кыймылынын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хани жана Бейрутта ливандык «Хезболла» кыймылынын аскердик канатынын командирлеринин […]

Сизге жагышы мүмкүн