Ысык-Көлдө билим берүү саммити өтүүдө

Автор

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге Россия Федерациясынын билим берүү министрлигинин, Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жетекчилери, Россиянын билим берүү жана илимий уюмдарынын 150дөн ашуун өкүлдөрү катышууда.
«Эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык чечимдерин сунуштоо үчүн жарманкенин негизги темалары санариптештирүү, виртуалдык реалдуулук, педагогдорду жасалма интеллектти колдонуу менен окутуу, кайра даярдоо, кошумча кесиптик билим берүү болуп саналат. Кыргыз-орус жарманкеси Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен уюштурулду», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин 250дөн ашуун афтершок катталды

РФтин Камчатка филиалындагы Бирдиктүү геофизикалык кызматтын маалыматы боюнча, “интенсивдүү афтершоктук процесс” уланууда. Сейсмологиялык абалды баалоодо жакын арада аталган процесстин интенсивдүүлүгү акырындык менен төмөндөрү болжолдонууда. Силкинүү 18-август күнү саат 07:10да Тынч океан акваториясында болгон. Очогу жарым аралдын чыгыш жээктеринде жайгашкан. Геофизикалык кызматтын маалыматы боюнча күчү 7,0 баллды түзгөн. Жердин силкинүүсү Камчаткадагы […]

Сизге жагышы мүмкүн