Ысык-Көлдөн 28 миң тонна таштанды чыгарылды

Автор

Ысык-Көлдөн быйыл жыл башынан бери алты тоннадай акыр-чикир, 40 миң метр балык кармоочу тор чыгарылды. Былтыр болсо жалпысынан 22,5 миң тоннадан ашык таштанды, 218 миң метрдей тор алынып чыккан. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда мыйзам менен тыюу салынганына карабастан браконьерлик, көлдү булгоо уланып жатканын белгиледи.
«Адистер белгилегендей, Ысык-Көлгө эс алуучулар калтырган таштандылар олуттуу терс таасирин тийгизип жатат. Мындан улам бардык жарандарды, эс алуучуларды көлгө аяр мамиле жасоого чакырыбыз»,- деп жазылган маалыматта.
Былтыр июнь айында президент Садыр Жапаров көл булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган жана көлдү тазалоо тапшырмасын берген.

Бөлүшүү:
Next Post

БАПОР: Газада 75 миңден ашуун тургун үйлөрүнөн кетти

БАПОРдун (БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча палестиналык качкындарга жардам берүү жана иштерди уюштуруу агенттиги) башкы комиссары Филипп Лаззарининин билдиришинче, акыркы бир нече күндүн ичинде Газа тилкесинин түштүк-батышында 75 миңден ашуун адам израилдик армиянын аракеттеринен улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. «Акыркы бир нече күндүн ичинде эле 75 миңден ашуун адам Газанын […]

Сизге жагышы мүмкүн