Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынан Азербайжан Республикасына 17 гектар жер берилет. Азербайжан менен түзүлгөн келишимди Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети жактырып, колдоп берди. Анын 12 гектары өздөштүрүлүп, 4 гектары парк ал эми 1 гектарына пляж аймагы орун алат жана 5 жылдыздуу отель салынат. Кыргыз тарап 10 жыл салыктан бошотуу, суу киргизүү, электр тартуу жана жолдорду асфальтто сыяктуу милдеттемелерин аткарышы керек. Азербайжан 3 жыл ичинде куруп бүтүрүшү керек экени, жумушчулардын 70 пайызы жергиликтүүлөрдөн болоору келишимде көрсөтүлгөн.