Ысык-Көлдөгү селде 21 гектар айдоо аянты жабыркады

Автор

Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дилбара Үсөнбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда селден кийин Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир жана Кашат айылдарында Жарандык коргонуу кызматтары айыл чарба тармагындагы жабыркаган аймактарды изилдеп жатат.

“Бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдөгү селде 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Дагы изилдөө иштери улантылып жатат. Дыйкандарыбыздын үйдөгү бакчаларындагы жер-жемиштери жана мөмө-жемиштери жабыркагандыгы такталууда”, — деди ал

Бөлүшүү:
Next Post

ФСБ CNN телеканалынын журналистине иш козгоду

Россиянын ФСБсы CNN журналисти Ник Пейтон Уолшка жана Курск облусундагы Суджа районунда материалдарды тарткан бир катар украиналык кабарчыларга карата кылмыш иши козголгонун билдирди. Иш мыйзамсыз чек араны кесип өтүү беренеси боюнча козголду. Коопсуздук кызматында чет элдик репортёрлор видео тартууну мыйзамсыз жүргүзүшкөнүн белгилешти. Аларга беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилиши […]

Сизге жагышы мүмкүн