Ысык-Көлдө “Отель Евразия” ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 млн 682 миң сомдук жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Бермет” мамлекеттик пансионатынын (азыркы “Отель Евразия” эс алуу борбору) жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына жалпы аянты 20 гектардан ашык, базар баасы 729 млн 682 миң сом болгон “Отель Евразия” ЖЧКсына таандык жер тилкелери өткөрүлүп берилди.
УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди кайтаруу боюнча тийиштүү иштерди улантууда.