Ысык-Көлдүн үчүнчү районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Автор

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 18-август күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында, Ысык-Көл районунун башчысынын 18-августундагы №195 тескемесинин негизинде Ысык-Көл районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.
Белгилей кетсек буга чейин Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Ал эми Тоң жана Ысык-Көл райондорунда селден улам бир катар унаа жолдор, ошондой эле Григорьевка капчыгайы аркылуу Кырчын жайлоосуна барчу жол жабылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икаясы: Үч бир тууган жана Бакыт

Бир күнү үч бир тууган Бакыттын чуңкурда отурганын көрүшөт. Анан улуусу чуңкурга жакындап, Бакыттан акча сурайт. Бакыт ага акча берип, бактылуу болуп кетет. Экинчиси болсо өзүнө сулуу аял сурады. Ал дагы дароо сулуу аялы менен кошо качып кетти. Үчүнчү бир тууган чуңкурга эңкейди: – Сага эмне керек? -деп Бакыт сурады. […]

Сизге жагышы мүмкүн