Ысык-Көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жыйналды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдү акыр-чикирден арылтуу иштери уланып жатат. Анда март айынан бери мекеменин суучулдары көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жана 98 миң метр балык уулоочу торду алып чыкканын кабарлады.
“Ушул тушта Кара-Ой, Чок-Тал айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. 26-августка карата Ысык-Көлдүн 215 миң гектардан ашык аянт тазаланды”,-деп жазылган маалыматта.
Эске салсак, ушул жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.