Ысык-Көлдүн сел жүргөн айылдарына куткаруучулар тартылды

Автор

Ысык-Көл районунун сел жүргөн айылдарына куткаруучулар тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун сел каптаган Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарында райондук Жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары тартылып, 15 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы жана мотопомпа менен иштеп жатат.
Белгилей кетсек, кечээ түнкү саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана «Ысык-Көл Аврора » эс алуу жайын сел суулары каптаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Курск аймагындагы экинчи көпүрөө талкаланды

Украин куралдуу күчтөрү Курск облусундагы Сейм дарыясындагы дагы бир көпүрөнү кыйратышты. Бул тууралуу россиялык аскер кабарчысы Юрий Котенок өзүнүн Telegram-каналында билдирди. Ал көпүрө Украин куралдуу күчтөрү тарабынан HIMARS реактивдүү системасынын жардамы менен кыйратылганын белгиледи. Маалымат каражаттары Глушковский районунда Карыж айылындагы жалгыз көпүрө калганын, душмандын күчтүү басымына кабылган учурда жолдор жетишсиз […]

Сизге жагышы мүмкүн