Ысык-Атада 15 жаштагы кызга нике кыйышкан

Автор

Ысык-Атада 15 жаштагы кызга нике кыйгандыгы үчүн имам жана болочок күйөө кармалды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 21 жаштагы Н.Ш. аттуу тургуну 15 жаштагы С.Н. аттуу кызга үйлөнүп, алардын никесин Р.А. аттуу имам кыйгандыгы аныкталган.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда Р.А. жана Н.Ш. аттуу жарандар аталган кылмыш ишине шектүү катарында КР КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 2 миң электротакси ишке киргизилет

Бишкекте быйыл 2 миң электротаксини ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди. Абдыкадыровдун айтымында, учурда Бишкекте электромобилдерди жана аларды кубаттоочу станцияларды көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө. “Азыркы учурда Бишкекте 1 700 электромобиль бар. Күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Буга чейин жеке компания менен биргеликте электротаксилерди ишке киргиздик. […]

Сизге жагышы мүмкүн