Ысык-Атада жер басып алган мурдагы аткаминерлер кармалды

Автор

Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан документтерди жасалмалоо, объекттерди мыйзамсыз басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы А.А.К. жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Р.Т.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
2023-жылы Р.Т.Р. жайыт комитетинин отурумунун протоколун жасалмалап, А.А.К.га Жээк айыл өкмөтүндөгү эс алуу аймагы үчүн 2 га айыл чарба багытындагы жер участогун мыйзамсыз бергени аныкталган. Көрсөтүлгөн жерге туруктуу имараттар курулуп, “A.R.Z.” эс алуу борбору уюштурулган.
УКМК мыйзамсыз берилген мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун Башкы Ассамблеясы келечек боюнча Пактты Россиянын каршылыгына карабай кабыл алды

БУУнун Башкы Ассамблеясына кирген өлкөлөр ачарчылык, теңсиздик жана жаңжалдарга каршы күрөшүүгө чакырган Келечек Пактты кабыл алышты. Бул документ БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгын ачкан келечек саммитинин негизги документи болуп саналат. Россия бул документке каршы чыкты. Өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин жыйында бул пактты “келишилбеген текст” деп […]

Сизге жагышы мүмкүн