Ысыктан улам 600дөй адам көз жумду

Автор

Ысыктан улам 600дөй адам көз жумду
Пакистанда ысыктын кесепетинен миңдеген адамдар ооруканага жаткырылды. Айрыкча өлкөнүн эң ири шаары Карачиде курман болгондор көп.
Шаардагы температура 40°Cдан ашты. Жогорку нымдуулук 49-50°Cдей сезилгенин, өлкөнүн эң ири тез жардам кызматы кабарлады.
Алардын баары ысыктан каза болгон деп так айтууга дагы эле мүмкүн эмес. Бирок себептеринин бири жогорку температура болгон.
Метеорологдордун айтымында, Карачидеги ысык толкун келерки жумага чейин созулат.
Бул Пакистанды каптаган биринчи ысык эмес. Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, Карачинин борбору болгон Синд провинциясында өткөн айда рекорддук температура 52,2°C болгон.
Пакистандын эң жакын коңшулары да ысыктан жапа чегип жатышат. Маселен, Индиянын борбору Делиде болуп көрбөгөндөй узакка созулган ысыктын толкуну болуп жатат. Май айынан баштап күндүзгү температура 40°Сден ашат, кээде 50°Сга жакындайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро 2024: Плей-офф оюндарынын жадыбалы

Футбол боюнча 2024-жылкы Европа чемпионатынын тайпалык этабынын оюндары аяктап, андан кийин плей-офф баскычынын бардык катышуучулары аныкталды. 1/8 финалдык оюндар 29-июндан 2-июлга чейин болот. Евро-2024тун 1/8 финалынын оюндарынын графиги: 29-июнь. 21:00. Швейцария – Италия (Берлин) 29-июнь. 23:55. Германия – Дания (Дортмунд) 30 июнь. 21:00. Англия – Словакия (Гельзенкирхен) 30 июнь. 23:55. […]

Сизге жагышы мүмкүн