Ырысбек Атажанов: “Экөө коррупциялык схема түзүп алышкан”

Автор

“Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасында эки кардинал бар деп жатышат. Булар “Кыргыз Көмүрдүн” орун басары Сүйүн Мамашов жана Ош филиалынын директору Муктар Жолдошев экен. Сүлүктү шаарында 30 дан ашык көмүр кен бар бар дешүүдө. Бул экөө коррупциялык схема түзүп, болгону 7 эле фирма Өзбекстанга экспорт кылат экен. Ал эми бул жигиттер тоннасынан 40 центтен үлүш (доля) алышаарын айтып жатышат. Мен далилдин негизинде сүйлөйм”,- деп билдирди депутат Ырысбек Атажанов. Ал энергетика министри Таалайбек Ибраевге кайрылып, тез арада чара көрүүнү суранды.”Эгер сиз чара көрбөсөңүз, анда биз укук коргоо органдары менен биргеликте депутаттык комиссия түзүп, өзүбүз текшеребиз”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

25 жашка чейинки украиналыктарды мобилизациялоого тыюу салынды

Украинанын Жогорку Радасы 18ден 25 жашка чейинки кээ бир украиналыктарды мобилизациядан бошотуучу мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу Раданын депутаты Алексей Гончаренко билдирди. Мыйзамды кабыл алуу үчүн 9-октябрдагы жыйында 311 депутат добуш берген. Мыйзам саламаттыгына байланыштуу тынч мезгилде аскердик кызматка жараксыз жана согуш учурунда чектелүү түрдө жарактуу деп табылган аскерге милдеттүүлөргө […]

Сизге жагышы мүмкүн