Ырчы Шакира Америка Кубогунун финалынын алдында ырдайт

Автор

15-июлда Шакира Америка Кубогунун финалынын алдында концерт берет. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, расмий плакатты ырчынын өзү жана Америка Кубогунун уюштуруу комитети биргелешип Instagram баракчаларына жарыялашкан. Эки иш-чара Майамидеги Хард Рок Аренада өтөт. Өтүүчү жай 75 миң көрүүчүгө ылайыкташкан.
Буга чейин АКШда футбол боюнча Америка Кубогунун 1-тур оюндары башталганын кабарлаганбыз. 9-июлда Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси турнирдин ачылышында Канада менен ойноп, анын командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетип, колумбиялыктар экинчи финалист болуп калышты.

Бөлүшүү:
Next Post

12-июлда күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 12-июлда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, […]

Сизге жагышы мүмкүн