Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 4-май парламенттин жалпы жыйынында Ош окуясынан кийин “Кыргыз-Өзбек” ынтымагы үчүн негизделген “Ынтымак” телеканалынын кризиске кептелгенин билдирди.
Анын айтымында, 2 айдан бери жетекчиси дайындала элек, айлык маяналар берилбей жатат. Кандайдыр бир жол менен жабуу аракети жүрүп жатат деп билдирди эл өкүлү.
Бей Май 4 , 2023
Жогорку Кеңеш «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» айланасындагы айрым маселелерди бүгүн, 4-майда карамай болду. Парламенттин жалпы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев аталган фонддун жетекчилерине кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал Жогорку Кеңеш карап, макулдук берген акча каражаттын баш-аягы жок экенин, былтыр Катар мамлекети менен түзүлгөн келишимдин негизинде арап туристтер […]