Ынтымак-Ордодо Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуусу өтөт

Автор

Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи бүгүн, 5-ноябрда саат 11:00дө “Ынтымак-Ордодо” башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, расмий жолугушуу аземи УТРК каналында жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Эске салсак, 4-ноябрдын кечинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келген. Аны Бишкектеги эл аралык “Манас” аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский: Канада NASAMS системасын берди

Владимир Зеленскийдин айтымында, Канада Украинага NASAMS абадан коргонуу системасын жөнөттү. Аны Киев 2024-жылдын аягына чейин алууну күтүп жатат. Зеленский бул тууралуу Канада премьери Жастин Трюдо менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирди. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны курал-жарак менен камсыздаган бардык жүктөр Россия үчүн мыйзамдуу бута болоорун белгилеген. Анын айтымында, […]

Сизге жагышы мүмкүн