“Ынтымак Ордого” экскурсияга баруунун тартиби өзгөрдү

Автор

“Ынтымак Ордого” экскурсияга баруунун тартиби өзгөрдү. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, экскурсия ар жуманын ишемби күнү өткөрүлөт. Ал үчүн алгач электрондук түрдө сайт аркылуу паспорт менен катталып, белгиленген бөлүмдөрдү толтуруу шарт.
Административдик имарат менен таанышууга келген жарандардын кийимдери коомдук жайларда жүрүүнүн жалпы ченемдерине жооп берүүсү зарыл.
Экскурсия учурунда жарандар коомдук тартипти сактоого тийиш.
Административдик имаратка бир жолу экскурсияга кирип чыккан жаранга, экинчи жолу уруксат берилбейт.
Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал курчуган жана мамлекеттик иш-чаралар өтүп жаткан учурларда экскурсия уюштуруу убактылуу токтотулат.
Экскурсия учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) имаратка спирт ичимдиктерин, тамак-аш, суусундуктарды, балмуздак ж.б. алып кирүүгө;
2) имараттын ичине ок атуучу куралдарды, курч предметтерди, бат от алуучу баллондорду, ууландыруучу, жардыруучу жана зыяндуу заттарды, чоң көлөмдөгү баштык, рюкзак, чемодан ж.б. буюмдарды алып кирүүгө;
3) ролик, велосипед, скейтборд ж.б. пайдаланууга;
4) коомдук жалпы жүрүм-турум эрежелерин, кооопсуздук техникасын, ошондой эле экскурсиянын талаптарын бузууга;
5) коштоп жүргөн жооптуу кызматкерсиз өз алдынча кызматтык бөлмөлөргө жана башка жайларга кирүүгө;
6) имараттын ичиндеги приборлорду, жабдууларды, жарык берүүчү жана башка техникалык системаларды өз алдынча өчүрүп-күйгүзүүгө.
Белгилей кетсек, эрежелерди бузган жаранга административдик имараттын ички тартибин көзөмөлдөөчү кызматкерлер тарабынан эскертүү берилет.
Эске салсак, коомдук тартип бузган учурда мыйзамга ылайык чара колдонулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзөктүк жарылуулардан коргой турган жайлар өндүрүлө баштады

Россияда ядролук жарылуулардан коргой турган мобилдүү баш калкалоочу жайлардын сериялык өндүрүшү башталды. Бул тууралуу Россиянын Жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жалпы россиялык илимий-изилдөө институту маалымдады. Өндүрүш 18-ноябрда институттун сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Нижегород облусунун Дзержинск шаарында башталган. «КУБ-М» 48 саат бою өзөктүк жарылуунун аба толкунунан, нурлануунун таасиринен, радиоактивдүү булгануудан, […]

Сизге жагышы мүмкүн