“Ынтымак” командасы көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө кубогун жеңип алды

Автор

Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча клубдар арасындагы эл аралык кубокту Кыргызстандын «Ынтымак» командасы жеңип алды.

Мелдештин финалында Кыргызстандын «Ынтымак» менен Казакстандын «Астана» командасы ойноп, «Ынтымак» атаандаштарын 10:1 эсебинде утту. Ал эми үчүнчү орунду Кыргызстандын «Достук» командасы  ээледи.

Кошумчалай кетсек, 13-августта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогу башталган. Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров Венгриянын премьери Орбан менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Будапешт шаарына болгон иш сапарынын алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү талкууланды. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Венгриянын башкы улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына арналган майрамдык […]

Сизге жагышы мүмкүн