Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 4,8-чакырымында жер көчкү түшүп, жолдун аталган бөлүгүн жаап калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 35 миң метр кубдан ашык.
“Аталган тилкедеги өтмөк убактылуу жабылды. Унаалар «Шаркыратма» ички чарбалык жолу аркылуу айланып өтүүдө.№26 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары аталган жол тилкесин тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат”, – деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров Адам укугун коргоо күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады
Шей Дек 10 , 2024