Ыктымал болгон жер титирөөгө даярдыктар жарыяланды

Автор

Түркиянын экология жана шаар куруу министри Мехмет Озхасекинин айтымында, келерки аптада бийлик Стамбулду ыктымал жер титирөөгө даярдай баштайт.

«Биз Стамбул шаарынын мэри жана район жетекчилери менен болушу мүмкүн болгон жер титирөө боюнча  макулдашууга жетиштик. Кийинки жумада ишти баштайбыз»,-деди Озхасеки.

Анын айтымында, Стамбулда 5 миллион 800 миң имарат бар. Алардын 1,5 миллиону коркунучтагы, 600 миңи жогорку коркунучтагы аймактарда жайгашкан.

Түрк сейсмологу Нажи Гөрүр 12-июлда адистер Мармара деңизинин аймагында күчү 7,2-7,6 баллга жеткен жер титирөөнү күтөрүн билдирди.

6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен 50 миңден ашуун адам көз жумду.

Бөлүшүү:
Next Post

21-июль: Валюта курсу

2023-жылдын 21-июлуна карата доллардын курсу 87,8700 сомду (сатып алуу) жана 87,8700  сомду (сатуу) түзүүдө. Евро 98,6956 сомдон (сатып алуу), 98,4803 сомдон (сатуу) сатылууда. Рублдин баасы сатып алуу – 0,9673 сом, сатуу – 0,9658 сом. Теңге 0,1985 сомдон (сатып алуу), 0,1979 сомду (сатуу) түзүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн