Ыдырыс Исаков: “Мелис Мырзакматовду мактайм деп ойлогон эмес элем”

Автор

…Ушинтти! Белгилүү журналист бүгүн, 30-сентябрда Фейсбук баракчасына Оштун келип кеткен мэрлери боюнча билдирүү жазып, саясатчы Мелис Мырзакматовду мактаган. “Ош шаарындагы мектеп окуучулары тесттен алдыңкы орундарга илешпей атканына шаардык билим берүү башкармалыгын күнөөлөп, аны алмаштырууну министрден ачык талап кылган жападан жалгыз мэр Мелис Мырзакматов болгон.
Билим берүүнүн сапатын көтөөрүү үчүн мыкты мугалимдерди машина менен сыйлоону ошо Мырзакматов баштаган.
Ошто аягы туюк жолдорду көзөп ачкан алгачкы мэр да Мелис Мырзакматов болгон.
Ошто таштанды маселесин он жылга чечип койгон да Мырзакматов болгон. Мырзакматовдун усулун Бишкек көчүрүп алып, азырга чейин ошонун күнүн көрүп келатат»,- деп жазды.
Текстин уландысы төмөндөгүдөй уланат.
“Ошко Мырзакматовдон кийин келген мэрлердин бири да андай айлакер, андай чечкиндүү, андай чарбачыл боло алган жок. Кийинкилер Мырзакматовдун PR командасын гана көчүрүп алышты. Болор-болбос иштерин да интернетке чыгарып, Анжеликадан бетер жылдыз болгонго гана баштары жетип атат. А Мырзакматовдун жеген жактарын бир кудай билбесе, бизге көп иштери азыр караңгы. Чети чыга баштаганынан дарыя боюндагы 7 гектардай чүйгүн жер гана болуп атат. Ал да адеп сөз болуп, анан эле дым-дым болуп кетет негедир.
Эми ал өзүнчө тема.
А ишмердик жагынан алганда Кадырбаев окшоштургансыды, бирок окшошподу. Кадырбаевдин жакшы иштеринин бири свет койгону, үйлөрдү жылуулаганы эле болду.
Сарыбашев Мырзакматовдун парк куруу жана PR жагын эле жакшы туурады. Ашып түшкөн жагы үйлөрдү сырдап, куруучуларды зордоп жылдыз болгону.
PRга маани бербеген Мамбетовду сынаганга убакыт берилбеди.
А азыркы Жетигеновдун иши чала-була. Анализи жок, планы жок, бир чечими кеминде беш жолу өзгөргөн, “война план покажет”, “баштай берсек көрө жатарбыз” деген көчө манера. Тегиз жерди тартып алып базар курмай, тегиз жерди тартып алып шаар курмай. Генплан, ПДП дегенди тааныбаган “ат кетти” мэр болуп отурат, кыскасы”,-деген Ыдырыс Исаков.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда 100 жаштан ашкан 423 киши жашайт

Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 100 жаштан ашкан 423 киши жашайт. Эң кары казакстандык 114 жашта, ал Улытау облусунда жашайт. Павлодар облусунда 112 жаштагы аксакал жашайт. Ал эми Түркстан облусунун бир тургуну 110 жашта. Долбоор боюнча, узак жашагандардын саны боюнча Түркстан облусу биринчи орунда […]

Сизге жагышы мүмкүн