Шыкмаматов Айдарбековго: “Өткөндө да коомчулукту козуткансыз”

Автор

Депутат Чыңгыз Айдарбеков менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов парламенттин бүгүнкү, 26-декабрындагы жыйынында кайым айтышып кетишти.

Депутат “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда салык карызын өндүрүү чаралары боюнча талаптар чоң көйгөйдү пайда кыла турганын айтты. Ошондой эле комитет жыйынында бул беренени алып салуу сунушталганын билдирди.
Салык кызматынын башчысы болсо, мыйзам долбоорундагы бул берене алып салынганын белгилеп, Айдарбековду коомчулукту адаштырбоого жана туура маалымат берүүгө чакырды.
“Мунун баары азыр жок, жалган маалымат да. Өткөндө Мамлекеттик ипотекалык компания боюнча да айтып, коомчулукту козуткансыз. Сиз комиссия менен барып текшерип көргөнсүз. Азыр деле барып текшерсеңиз болот. Андагы кезекти өзгөртүүгө болбойт, санариптик шартта бул мүмкүн эмес. Тескерисинче, сиздер менен биз бир командабыз, кызыкчылыгыбыз мамлекет да”, – деди Шыкмаматов.
Чыңгыз Айдарбеков болсо, “парламентке келген өкмөттүн өкүлдөрү депутатка комментарий берүүгө укуктуу эмес”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Сирияда нааразычылыктардан улам коменданттык саат жарыяланды

Сириянын Тартус, Латакия, Жабла жана Хомс шаарларында алавиттер, Сириядагы диний азчылыктын өкүлдөрү тарабынан митингдер өткөрүлүп, укук коргоо кызматкерлерине кол салуулар менен коштолду. Порт шаары Тартуста кагылышуу учурунда 14 полиция кызматкери каза болду. Бийлик буга жооп катары коменданттык саат киргизип, өлкөнүн мурдагы президенти Башар Асадды колдогондорду баш аламандыкты козутууга айыптады. Тополоңдор […]

Сизге жагышы мүмкүн