Шотландиянын тарыхында алгачкы жолу мусулман премьер-министр Хамза Харун Юсуф шайланды. Ал теги Пакистандык көчмөндүн уулу. Мурдагы өкмөттөрдө адилет министри кийинчерээк саламаттык сактоо министрлигин жетектеген. Парламенттеги 127 депутаттан 75 депутат Шотландиянын Улуттук партиясынын лидери Хамза Харун Юсуфту колдошту. Ал резиденцияга көчүп бараары менен үй-бүлөсү менен намаз окуп, аны социалдык тармактар аркылуу бөлүштү.