Германиянын канцлери Олаф Шольц Бундестагда сүйлөп жатып, Россияны Украинадагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууга байланыштуу “диалогдон баш тартты” деп айыптады. “Россия тынчтыкты каалабайт, бирок Украина аны каалайт. Адилеттүү, баш ийбестен жана жаңы агрессиядан коркпой”,-деди ал.
X социалдык тармагында немис колдонуучулары канцлерди чындыкты четке кагып жатат деп айыпташты.