Шольц жана Зеленский Германияда жолугат

Автор

Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Владимир Зеленский бүгүн, 6-сентябрда, Франкфурт шаарында жеке жолугушуу өткөрүшөт. Зеленский ошондой эле Франкфурттан түштүк-батыш тарапта жайгашкан Рамштайн авиабазасында өтө турган Украинаны колдогон мамлекеттердин жолугушуусуна катышат. Жолугушууну АКШнын коргоо министри Ллойд Остин өткөрөт.
Маалыматтарга караганда, Украинанын президентинин бул иш-чарага катышуусу жер-жерлердеги кырдаалдын олуттуулугун баса белгилөөгө багытталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Алмаз Турганбаев Транспорт министринин орун басары болуп дайындалды

Алмаз Турганбаев транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Жаңы орун басарды министрликтин эмгек жамаатына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Данияр Эркимбаев менен ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев тааныштырды. […]

Сизге жагышы мүмкүн