Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу акыркы үч күндө Украинанын куралдуу күчтөрү каршы чабуулга өтүүгө аракет кылганын билдирди. Фронттун бардык тармактарында контрчабуул кайтарылды деп ишендирди министр.
Шойгунун айтымында, чабуулдун мизин кайтаруу учурунда 71 россиялык аскер кызматкери каза болуп, 210у жарадар болгон.
Шойгунун айтымында, 4-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 23 жана 31-механикалаштырылган бригадаларынын күчтөрү беш багытта, 5-июнда Украинанын аскерлери күчтөр менен жети багытта чабуул жасоого аракет кылышкан.