Шойгу: Россия Украина боюнча сүйлөшүүлөргө даяр

Автор

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы кырдаалды жаңжалдан кийинки жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. Министр Пекин Сяньшань форумунда сүйлөгөн сөзүндө Россия Федерациясы Украина менен кырдаалды жаңжалдан кийин жөнгө салууга жана Батыш менен мындан ары жанаша жашоого даяр экенин билдирди.  «Эгерде зарыл шарттар түзүлсө реалдуу негизде саясий талкууга даярбыз»,-деди Шойгу. Коргоо министри бардык өзөктүк державалардын ортосундагы тең укуктуу мамилелерди камсыз кылуу  маанилүү экенин,  бул мамлекеттерде тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого жооптуу болорун баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

 “Алтын топ -2023” сыйлыгы кимге ыйгарылат?

Дүйнөнүн мыкты футболчусуна бериле турган «Алтын топ»  сыйлыгы бүгүн, 30-октябрда  тапшыруу аземини өтөт.  Бул тууралуу  “France Football” журналынын Twitter баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, 2022/23-сезондун мыкты футболчусуна “Алтын топту” тапшыруу аземи  Париждеги Шателет театрында өтөт. Белгилей кетсек, сыйлыкка 30 талапкер ат салышууда. Алдын ала маалыматтарга караганда  “Алтын топ -2023” сыйлыгы  аргентиналык […]

Сизге жагышы мүмкүн