Россиянын жаңыланган өзөктүк доктринасына ылайык, “өзөктүк кол чатыры” биринчи кезекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөргө жайылтылат. Мындай пикирин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу билдирди. Ал документте Беларуссияга карата агрессия болгон учурда өзөктүк куралды колдонуу критерийлери да жазылганын кошумчалады.
«Биринчи кезекте, эски доктринада да бул чатыр биздин союздаштарга да жайыларын айта кетейин. Ал эми жаңы доктринага келсек, албетте, ал негизинен ЖККУга мүчө өлкөлөрдү камтыйт»,-деди Шойгу ЖККУнун ТИМ башчыларынын, Коргоо министрлеринин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйынында.