Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу аскердик операция жүрүп жаткан аймактагы Батыш күчтөрү тобунун алдыңкы командалык пунктун текшерди. Анда ал батыш группасынын командири генерал-полковник Евгений Никифоровдун азыркы абал боюнча баяндамасын укту. Шойгу аскерлер тобунун командирлери менен да жолугушуу өткөрдү.
Бул Сергей Шойгунун Вагнердин жетекчиси Евгений Пригожин козголоң чыгарган 23 жана 24-июндагы окуялардан кийинки биринчи көрүнүшү.