ШКУ саммитине БУУнун баш катчысы келери күтүлүүдө

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешти июль айында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине чакырды. Чакырууну Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Женевадагы жолугушууда тапшырды.
БУУнун Башкы катчысы чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын ШКУ сыяктуу аймактык уюмдарга катышуу аркылуу туруктуу өнүгүү жана эл аралык коопсуздук маселелериндеги аракеттерин жогору баалады.
ШКУга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан, ошондой эле байкоочу мамлекеттер: Афганистан, Беларуссия, Монголия кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

"Акылдуу шаар" камераларынын сапатсыздыгы айтылды

“Акылдуу шаар” долбоорунун негизинде жайгаштырылган камералар өтө начар. Алар унааларды айырмалай албайт”,- деп билдирди депутат Кундуз Сулайманов парламенттин бүгүнкү жыйында. Ал “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырган фирманы чакырып, эмне үчүн сапатсыз камераларды жайгаштырганын сураш керек экенин айтты. Ал эми депутат Сүйүн Өмүрзаков болсо, “тез жардам унааларын айдагандардын өзү күнөөлүү. Алар […]

Сизге жагышы мүмкүн