ШКУнун эл аралык марафону Ысык-Көлдө өтөт

Автор

Быйыл 4-майда Ысык-Көлдө Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында «Жибек –Жолунда чуркоо» аталышындагы эл аралык марафон өтөт. Ар кандай курактагы жана квалификациядагы 3 миңден ашык жөө күлүктөрдүн катышуусу күтүлүүдө.
Жарыш 42, 21, 10 жана 3 чакырымга чуркоо боюнча өтөт.
Марафондун катышуучулары медаль жана белектер менен сыйланат. Алгачкы алты орунду ээлеген марафон жана жарым марафон катышуучуларына акчалай сыйлыктар ыйгарылат.
Эң жогорку көрсөткүч менен айырмаланган катышуучулар эл аралык абройлуу мелдештерге жолдомо утуп алышат.
Жарышка катышуу үчүн марафондун расмий сайтында жеке кабинетти ачып, анкета толтуруу керек. Каттоо 3-майга чейин уланат.

Бөлүшүү:
Next Post

«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна 105,6 млн сом жумшалды

Январь-февраль айында “Балага сүйүнчү” бир жолку төлүмүн 26 миң 377 бала алды. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги билдирди. Ал үчүн 105,6 млн сом каржыланды. Белгилеп кетсек, ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сомдон берилет. Үч эмге, же андан көп төрөлгөн балдарга сүйүнчү 50 миң сомдон болот. […]

Сизге жагышы мүмкүн