Айрым массалык маалымат каражаттары “Бишкектеги Ботаникалык бакта “Сапат” лицейинин окуучулары мушташып, 17 жаштагы өспүрүм каза болду”,- деген бир беткей маалымат таратышты. Бирок, шектүү катары кармалган 16 жаштагы бала “Сапат” лицейлерине эч кандай тиешеси жок экендигин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кабарлаган. Тилекке каршы, каза болгон өспүрүм “Сапат” лицейинде окуганы, аны бычактап өлтүргөн өспүрүм 2007-жылы туулган А. Р кармалганын милиция маалымдады.