Швейцариянын тышкы иштер министри келет

Автор

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдагандай, 3-июль күнү өлкөбүздө Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассистин расмий сапары башталат. Эки өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүү жана алакаларын чыңдоо багытын көздөгөн сапарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушат.
Расмий сапардын алкагында Швейцариянын Кыргызстанга 1994-жылдан берки жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашык колдоо көрсөткөн долбоорлордун жүрүшүн көрөт.
Ошондой эле кыргыз элинин маданиятын, жаратылышын, жана Ысык-Көлдү, тоолорду жана мөңгүлөрдү көрүүнү пландап жатканы айтылат маалыматта.
Швейцариянын тышкы иштер министри келет

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун баш катчысынын Борбор Азияга сапары: Гутерриш Өзбекстанга келди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азия өлкөлөрү Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча сапарда жүргөнүн БУУ билдирди. Азыркы учурда ал Өзбекстанда жүрөт. Гутерриш бул аймакка 2017-жылы барган. Башкы катчы Ташкентке расмий сапар менен келди. Аэропортто аны Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Гутерриш Ташкентке келгенден […]

Сизге жагышы мүмкүн