Швейцариядагы тынчтык жыйыны соңуна чыкты

Автор

“Украинага тынчтык” саммити 2 күндөн кийин соңуна чыкты. Кабыл алынган декларацияда өлкөлөрдүн эркиндигине жана аймагынын бөлүнбөс бүтүндүгүнө урмат кылуу айтылды. Декларацияга 84 өлкө кол койсо, 16 өлкө кол коюудан баш тартканы белгилүү болду. Жыйынга катышкандар Украинага тынчтыкты камсыздоо боюнча билдирүү жарыялашты. Володимир Зеленский сөз сүйлөп жатып, “орус аскерлери мекенибизден чыгып кеткен күнү Кремль менен тянчтык келишимине кол коюуга даярбыз. Алардын атомдук бомба менен коркутканы кабыл алууга жатпай турган нерсе”,- деп билдирди.
Ал эми Димитрий Песков жыйын тууралуу “жыйынтык 0”,- деп айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзөктүк куралга жумшалган каражат 91 миллиард доллардан ашты

Өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча өзөктүк куралга сарпталган чыгымдар рекорддук деңгээлге жетип, 91,5 миллиард долларды түздү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 10 миллиард долларга көп. Өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча Эл аралык кампаниянын маалыматы боюнча, чыгымдардын басымдуу бөлүгү өзөктүк бештикке – АКШ, Кытай, Россия, Улуу Британия жана Францияга туура келет. Тизмеде […]

Сизге жагышы мүмкүн