Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүп, таштар кулашы мүмкүн

Автор

15-16-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, сел жүрүп, таштар кулашы мүмкүн. Бул тууралуу Өгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Тороо райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунун жана Ош шаарынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши ыктымал.
Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

– Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

– Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

– Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

– Балыкчы-Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

– Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

– Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

— Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

— Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын куралдуу күчтөрү Одесса портундагы кампага сокку урду

Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү Одесса портунун аймагындагы аскердик кампага кол салышты. Шаардын үстүнөн коюу түтүн көтөрүлдү. Бул тууралуу орусиячыл Николаев борборунун координатору Сергей Лебедев билдирди. “Көп нерселер талкаланган. Курман болгондор бар, анын ичинде чет элдиктер да бар», – деп билдирди Лебедев. Окуя болгон жерге тез жардам унааларына гана барууга уруксат […]

Сизге жагышы мүмкүн