Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрөт

Автор

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирди.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-августтан 29-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
«Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Сиз өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз! Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп жазат ӨКМ.

Бөлүшүү:
Next Post

Атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өтөт

Казакстандын өкмөтү өлкөдө атомдук электр станциясын куруу боюнча жалпы улуттук референдум өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомду өкмөткө Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев киргизгенин BES.media маалымдайт. Премьер-министр Олжас Бектенов бул долбоорду президенттик администрацияга киргизүүнү тапшырды. АЭС куруу боюнча референдумду 2023-жылдын сентябрында өткөрүүнү президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Ал Казакстан уранды дүйнөдөгү […]

Сизге жагышы мүмкүн