Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Автор

Кыргызстанда аба-ырайы кайрадан сууктап, кар жаашы күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирген маалыматына ылайык, 15-17-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерге туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 19-24 метрге жетет.

16-17-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн – 12… -17°, күндүзү – 4… – 9°, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11… -17°, күндүзү – 4… – 9°,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн – 11… -16°, күндүзү -3…, – 8°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -10.. -15°, күндүзү 0… -5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн – 11…, – 16°, күндүзү – 1… – 6°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20… -25°, күндүзү -5… -10°, республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн – 15… – 20°, күндүзү -5… -10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13… -18°, күндүзү -7… -12°,

Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн – 30.. -35°, күндүзү -13… -18° суукка чейин төмөндөйт.

ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоонуу кыйындатарын белгилейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук футбол академиясына 23 жаш оюнчулар кабыл алынды

Бишкекте 2012-жылы төрөлгөн футболчуларды Улуттук футбол академиясына тандоо болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тандоо туруна өлкөнүн ар кайсы аймактарында 423 жаш футболчу катышып, акыркы тандоого 52 оюнчу чакырылды. Академия базасында үч күндүн ичинде ылдамдык жана эптүүлүк боюнча тесттер, машыгуулар жана оюн көнүгүүлөр өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты […]

Сизге жагышы мүмкүн