Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жаан жаап, карга айланат

Автор

Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
26-27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5°ка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү:
Next Post

ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга баруудан карманып турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ливандын чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт. Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосу Ливан жана Израилде жашаган КР жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана мүмкүн болушунча жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү зарыл […]

Сизге жагышы мүмкүн