Шашылыш билдирүү! Жакынкы бир саат аралыгында Бишкекте катуу шамал күтүлөт

Автор

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Ошондой эле ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактаран алыс болуңуздар.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 16-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 90 тыйын болсо, сатуу 86 сом 30 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн