Шашылыш билдирүү! Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 6-ноябрдан 8-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-231-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп согуштарды токтотууну убада кылды

АКШда президенттик шайлоодо алдыда келе жаткан республикачыл Дональд Трамп Палм-Бичтеги резиденциясынан тарапташтарына кайрылды. Ал согушту каалабай турганын жана аларды токтотууну максат кылганын билдирди. «Төрт жыл бою биз эч кандай согуштарды көргөн жокпуз. Мен согуш баштоону каалабайм, аларды токтотууну көздөйм»,-деди Трамп. Өз кайрылуусунда Дональд Трамп шайлоодогу жеңишин жарыялап, өзүн АКШнын 47-президенти […]

Сизге жагышы мүмкүн