Шахтадагы жарылуудан көз жумгандардын саны 50дөн ашты

Автор

Ирандын түштүк Хорасан провинциясындагы Табас шаарында көмүр шахтасында газдын жарылуусунан каза болгондордун саны 51ге жетти. Бул тууралуу Mehr агенттиги кабарлады.
Буга чейин 30 адамдын каза болгону, 20 адам жаракат алганы белгилүү болгон. 40 адамдан турган топ куткаруу операциясын жүргүзүп, урандыны тазалоо иштерин аткарууда.
Жарылуу 21-сентябрда, кечинде болгон. Газ Madanjo компаниясынын шахтасынын эки блогунда жарылган. Түштүк Хорасандын губернаторунун айтымында, аймак өлкөнүн көмүр муктаждыгынын 76 пайызын камсыздайт.
Маалыматтарга ылайык, жарылуу учурунда блоктордо 69 жумушчу болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Тил жөнүндө учкул сөздөр

Тил деген үйүбүздүн ачкычы го, Бирде жаап, бирде эшигин ачып салган. Үйүңдү ачкыч менен ачып туруп, Билесиң ким экенин ээлеп алган. (Саади) Сөздүн ыгын билбесе, Сөөдүрөп топто сүйлөсө Тантыктыктын белгиси Көңүл сүйгөн жер болсо Айткан сөзүң эм болсо, Акындын келет келгиси, Бермет сөздү тергиси. Орду менен сүйлөсө, Кызыл тилин бүлөсө, […]

Сизге жагышы мүмкүн