Шахмат боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Автор

Шахмат боюнча Кыргызстан чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 11-майда аяктап, жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Эркектер арасындагы жыйынтык:
1-орун – Никита Хорошев;
2-орун – Асылбек Абдыжапар;
3-орун – Элдияр Орозбаев;
4-орун – Михаил Марков;
5-орун – Жакшылыков Эржан;
6-орун – Семетей Төлөгөн тегин;
7-орун – Руслан Съездбеков;
8-орун – Андрей Мазницин;
9-орун – Азиз Умарбеков;
10-орун – Эмир Шаршенбеков;
11-орун – Залкар Курбанбаев;
12-орун – Илимбек Эсенбек уулу.

Кыз-келиндер арасындагы жыйынтык:
1-орун – Александра Самаганова;
2-орун – Бегимай Жаныбекова;
3-орун – Асель Лесбекова;
4-орун – Айжан Съездбекова;
5-орун – Аяна Абаева;
6-орун – Аймончок Жунусбекова;
7-орун – Нурай Советбекова;
8-орун – Нурэлина Турсуналиева;
9-орун – Нурниса Бекбасарова;
10-орун – Диана Өмүрбекова;
11-орун – Бегимай Заирбек кызы;
12-орун – Айжан Сабырбекова.
Белгилей кетсек, бул турнирдин жыйынтыгы менен Олимпиадалык курама команда түзүлөт. Сентябрь айында Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы Венгрияда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Песков: Шойгу аскердик-техникалык кызматты көзөмөлдөйт

Мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматты (ФСВТС) жетектебейт. Бирок федералдык мамлекеттик органдын ишин көзөмөлдөйт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. ФСВТСти 2017-жылдын 31-январынан бери Дмитрий Шугаев жетектеп келет. Ошол эле учурда Владимир Путиндин 11-майдагы жарлыгына ылайык, департаментти түздөн-түз Россия Федерациясынын президенти жетектейт. Путин […]

Сизге жагышы мүмкүн