Шалаакы дарыгерлер жоопко тартылышы керек

Автор

Кыргызстан балдардын жана энелердин өлүмү көбөйүп баратат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова бүгүн, 14-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.
Эл өкүлү “Кыргызстан балдардын жана энелердин өлүмү боюнча алдыңкы орунда турат. Мына, 14-февралда Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук 4-территориалдык ооруканада 37 жаштагы Гүлмира Мамбетова аттуу келин төрөттөн каза болду. Аны бир күн кармашып, керек болсо, туугандарын да киргизишкен эмес. Дарыгерлердин шалаакылыгынан көз жумду деп жатышат. Артында 9 баласы зар какшап калды. Мындай окуялар көп болуп жатат”, – деди.
Анын айтымында саламаттык сактоо министрлигинин көңүлүн буруп, мындай ооруканалардын жетекчилиги менен дарыгери кызматтан гана кетпей жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Депутат мындан мурда да, эгиз төрөгөн келиндин каза болгонун эскертип, саламаттык сактоо министрлигин жоопкерчиликтүү мамилеге чакырды. Министрдин парламентке келип, тармак боюнча депутаттардын суроолоруна жооп беришин суранды.

Бөлүшүү:
Next Post

Алтын кендеги жер көчкүдө адамдар урандыда калды

Түркиянын Эрзинжан аймагындагы алтын кенинде жер көчтү. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында болгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башчысы , Али Йерликая шахтадагы 667 жумушчунун тогузу дайынсыз экенин билдирди. Издөө иштерине 400 куткаруучу тартылды. Министр Йерликаянын айтымында 800 метр жылган массасынын жалпы көлөмү […]

Сизге жагышы мүмкүн