АКШ бийлиги шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине каршы коркунучтардын көбөйүшүнө жана мүмкүн болуучу баш аламандыктарга байланыштуу кээ бир шайлоо тилкелеринде коопсуздук чараларын олуттуу түрдө күчөтүүнү чечти.
Макалада коопсуздук чараларына дрондорду колдонуу, коңгуроо баскычтарын орнотуу жана бир нече шаарлардагы шайлоо тилкелери менен бюллетендерди эсептөө борборлорун коргоо үчүн снайперлерди жайгаштыруу кирери айтылган. Полиция тез арада жооп кайтаруу күчтөрүн даярдыкка келтирип, көчөлөрдө кошумча патрулдар иштеп жатат. Эки штатта — Вашингтондо жана Невадада улуттук гвардия күчтөрүн баш аламандыктын алдын алуу үчүн колдонуу чечими кабыл алынган.