Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов эми Жапонияда күч сынашмак болуп турат. Тайланддагы жеңишинен кийин катуу даярданып, мекен туусун кайрадан көтөрүү үчүн машыгууларын баштаганы белгилүү болду. Маалым болгондой, алты айдын ичинде Токио шаарында чемпиондук курун коргойт.
Эске салсак, ал 30-август күнү Тайландда өткөн мелдеште атаандашын 2-раундда жеңип, IBF Muay Thai версиясы боюнча Дүйнөнүн оор салмактагы чемпиону болду.