Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөп, өзүнө катуу каралоолор жүрүп жаткандыгын айтты. Мындан тышкары Казино мыйзамын колдогону үчүн кыргыз элинен кечирим сурады
Атазов “мен Орозодо кечирим сурайм. Өзүмдү төрөгөн апам, бир туугандарым «эй бала, казинону колдобо» дегенине карабай, мамлекеттин экономикасы, президенттин саясаты деп колдогом. Кыргыз элим ошол үчүн мени кечирип койгула. Туура эмес кылып коюптурмун. Мен өкүнүп жатам”, – деди