Шайлообек Атазов, ЖК депутаты:  “Кымбатчылыкка ким жооп берет? Нан 35 сомго көтөрүлдү”

Автор

“Азык – түлүк менен тоютка болгон кымбатчылык күн сайын өсүп жатат. 25 сомдук нандар 30-35 сомдон сатылууда. Айыл чарба министрлигинин шалаакылыгын да ушул жерде талкуулайлы”,- деди депутат Шайлообек Атазов.

“Эгер айыл чарба министри Монголияга кымбат баада сарымсак сүйлөшкөнү кеткен болсо, анда, келбей эле койсун. Бул жерде Акылбек Жапаров отурат бирок, айыл чарба министри менен вице-премьери жок”,- деп билдирди. Депутат күн тартибине тоют, азык – түлүк жана оруп-жыйноо жумуштары боюнча да угууну киргизүүнү суранып, бул элдин талабы экенин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте КМШ Мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат. КМШнын бул саммитине […]

Сизге жагышы мүмкүн