Жогорку Кеңештин депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 4-апрелде “Дордой” базарынын сатуучулары менен жолугушуп, чечилбей жаткан көйгөйлөрүн укту. “Дордойдо” маселенин көптүгү ушул кезге чейин нааразычылыкты жаратып келген. Сатуучуларга шарт түзүлгөн эмес жана азырга чейин орундар талаш-тартыш болууда. Депутат Бишкек шаардык мэриядан жана Свердлов райондук администрациядан келген кызматкерлерге, ошондой эле тийешелүү кызматтардын өкүлдөрүнө протоколдук тапшырма берди. Жыйынтыгында, 1 айдын ичинде баш аламандык жоюлуп, сатуучуларга зарыл болгон документтер берилмей болду.