“Бишкек шаарын экс-мэрлер бөлүп алышыптыр. Аларга эч кимдин алы жетпейт экен”,- деп билдирди Шайлообек Атазов бүгүн, 28-сентябрдагы парламентин жалпы жыйында.
Депутат башкы көзөмөл органдын ишин сындап, профсоюз федерациясынын кылмышка шектүү иштерин сотко өткөрбөй басып жатышканын айтты. Ал эми Акүйдүн артындагы мыйзамсыз салынган үйдү тазалай албай жатышканын, ага эч кимдин тиши өтпөй жатканын кошумчалады.